Токмокто кондитердик цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп күйүп, кондитердик цехке өткөн.
«Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 815 чарчы метр кондитердик цех жана кампанын ичиндеги каробкалар күйгөн. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.