Токмок шаарынын жашоочусу милицияга кайрылып, күйөөсүнө жана анын жакындарына арыз жазды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучу — 19 жаштагы Г.Ш.нын айтымында, 2019-жылы ноябрь айында 28 жаштагы М.Р.ге турмушка чыккан, кайын энеси жана кайын сиңдиси менен чогуу жашашат. Алар келинди сабап, бир нече саатка жер төлөгө камап коюшкан.
«11-августта аталган келинди кайын сиңдиси себепсиз чаап жиберген. Ал үйдөн качып чыгып, милицияга кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында келин жеңил жаракат алганы белгилүү болду.
Өз кезегинде келиндин кайын энеси менен кайын сиңдиси аны ур-токмокко албаганын билдирди. Жабырлануучунун күйөөсүнүн айтымында, июль айынын ортосунда аялы экөө урушуп, аны сабаган. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.