• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токтакунов фейкпи же ал жарыялаган маалыматпы?

16 Жетинин айы 2018 19:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялоо менен коомчулукка талкууга жем таштады.
Кызуу талкууга түшкөн бул жаңылыкка президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева фейк маалымат экени көрүнүп турат деген жооп айтты, бирок тасмага тушуудон баш тартты.
Толгонай Стамалиеванын фейк тууралуу жообуна Нурбек Токтакунов азырынча жооп айта элек. Ал эми БШКнын басма сөз катчылыгынан жетекчилик чет жакта иш сапарда экендигин жана бул маселе тууралуу комментарий бере албай тургандыктарын айтышты.
Саясатчы Равшан Жээнбеков учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков социалдык тармактарга жарык коруп кеткен документ боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин азаттыкка билдирди.
Бул маалыматты талкууга алгандан мурун чын төгүнүн билүу керектигин Ахматбек Келдибеков марал радиосуна берген маегинде айткан.
КСДПнын ичиндеги мындай чырлуу окуялар бир топтон бери орун алып, Икрам Илмияновдун камакка алынышы менен президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталууда. Бирок, президент бул тууралуу ооз ачпаганы менен 24 маалымат агенттигине досум жана партиялашым деген президентке таарынычын билдирди.

Количество просмотров: 28