27-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14… 19,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Талас дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 14… 19,
Бишкек шаарында түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус болот.