• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

24 Чын куран 20239:37 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.

24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу),
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу)

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 43