• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

 Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

3 Бирдин айы 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

 Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 68