Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоду. Анда Сапар Исаковдун өкмөтүнө 101 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү жана 5 депутат каршы добуш берген. Мындай чечим бүгүн 19-апрелде парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Өкмөт курамы, жана Сапар Исаков Жогорку Кеңешке келген эмес. Парламентте бир гана транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов журүп, отставка боюнча өз пикирин айтты.