• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Транспорт жана жол министри кызматтан кетүү үчүн арыз жазды

18 Бирдин айы 2020 12:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновго кечээ жакында анын орун басарынын пара менен кармалганын айтып, моралдык жоопкерчилик сезип жатасызбы? деген суроо узатты.

Ал эми Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов орун басарынын пара менен кармалышында жоопкерчиликти сезе турганын билдирип, буга байланыштуу Өкмөт башчыга кызматтан кетүү тууралуу арыз менен киргенин кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен мекеменин алдындагы Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов пара берди деп кармалган. Ал эми буга чейин айрым маалымат булактарында Транспорт жана жол министринин кызматтан кете тургандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Количество просмотров: 1738