Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда Жанат Бейшенов 49 жашта. 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген. 2015-2016-жылдары юридикалык Herbert Smith Freehills компаниясында консультант, 2014-2015-жылдары премьер министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген. 2005-жылы Прагадагы экономикалык университетинен экономика илимдеринин доктору даражасын алган. Англис, чех тилдерин билет.
Жанат Бейшенов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу мурдагы министр Жамшитбек Калиловду сынга алган. Калилов 15-декабрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.