• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Троллейбустардын каттамга чыкпаганынын себеби айтылды

22 Кулжа 20239:29 Бишкек Govori.TV

21-июнь саат 20:00дөн кийин 5, 6, 11, 14- троллейбустук каттамдар жүрбөйт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:30дан баштап Манас проспектиси-Киев көчөлөрүнүн жабылуусуна байланыштуу 2, 5, 6, 7, 11, 14- троллейбустук каттамдар убактылуу маал-маалы менен жүрбөйт.

Белгилей кетсек, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Количество просмотров: 171