• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЦУМдагы бомба тууралуу жалган маалымат берген аял кармалды

10 Баш оона 2021 17:30 Бишкек Govori.TV

Телефон аркылуу терроризм тууралуу жалган маалымат билдирген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК аныктагандай, ал «Чынар» (ГУМ) соода борборундагы уюлдук операторлорунун биринин бөлүмүнөн сим-карта сатып алып, милицияга «Айчүрөк» соода борборундагы бомба жана кишилер туткунга алынганы тууралуу кабарлаган. Милиция кызматкерлери соода борборун курчоого алышкан. Жеринде сапер жана кинологдор иш алып барышкан.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү (Террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

УКМК жарандарды жогорудагыдай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырып, террордук акт тууралуу жалган маалымат бергендерге 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Количество просмотров: 1510