• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Туйгунаалы Абдраимовго карата чара көрүлөт…

6 Кулжа 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бирок, кандай чара көрүлөөрү тууралуу алдыда дагы кошумча маалымат берилээрин айтышты.

Эске салсак, кечээ Т. Абдраимов Орок айылында ЖМК өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, бир журналисттин кебетеси жакпагандыктан ага эч кандай түшүндүрмө бербей турганын айтып, каткырган бойдон кетип калган. Өкмөттүн өкүлүнүн бул кылыгы коом жана журналисттер арасында дагы нааразычылык жараткан.

Ал эми бүгүн, 6-июнда, өкүлчүлүктүн имаратынын алдына келген журналисттер менен көпкө чейин жолукпай жатып, акыры макул болгон. Абдраимов Орок айылында кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын жана ал кылыгы үчүн өкүнбөй турганын айтты.

Жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча («Бейбаштык») каттоого алынган.


Количество просмотров: 30