Туманбаев, Капарова, Осмонов. “Даңк” медалы менен кимдер сыйланды? (тизме)
Туманбаев, Капарова, Осмонов. “Даңк” медалы менен кимдер сыйланды? (тизме)
29 Бештин айы 2022 13:57 Бишкек Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктар менен белгиленди.
Ал эми төмөндө “Даңк” медалы менен сыйлангандардын тизмесин сунуштайбыз:
Батырбеков Тажимурза Турдалиевич – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
Дайырбекова Гулнара Мелисовна – “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Капарова Чынара Абдылдаевна – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадиожурналистика кафедрасынын улук окутуучусу, “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасынын кеңешчиси;
Каримов Козубек – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахна жабдууларын эксплуатациялоо начальниги;
Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович – пенсионер, Бишкек шаары;
Кулматова Айнюся Шамшидиновна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Улуттук Биринчи каналдын “1-Канал” студиясынын редактору;
Маасалиев Айтбай Кудайбердиевич – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
Назаров Темирбек Токтобаевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын Ош гарнизондук офицерлер үйүнүн музыканты;
Осмонов Дамирбек Асилбекович – “Бикард” кардиохирургиялык клиникасынын башкы врачы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы интервенциялык кардиологу жана аритмологу, Европалык кардиологдор ассоциациясынын жана Америкалык кардиологдор колледжинин академиялык мүчөсү;
Рыскельдиев Турарбек – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
Солдатов Игорь Васильевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун мөмөлүү өсүмдүктөрдүн лабораториясынын башчысы;
Теймуров Гамид Гамза-Оглы – Чүй облусунун Чүй районундагы “Ала-Тоо” айыл чарба кооперативинин башчысы;
Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
Чолпонбаев Замирбек Джапарович – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери.