• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Туманбаев: Жеке курулуш компаниялардан мамлекеттин балансына 1180 батир алынды

21 Жетинин айы 202417:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы жеке курулуш компаниялардан мамлекеттин балансына 1180 батир алынды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, айрым компаниялар жер тилкелерин мыйзамсыз алып, ал тургай курулуштарды баштап салышканын белгиледи.

«Мисалы, бул жер тилкеде балдар үйү курулушу керек болчу, бирок курулуш компаниясы аны мыйзамсыз алып, өздөрүнүн үйлөрүн курушкан. Мына бүгүн ошол компаниялар мыйзамсыз курулган объектилерин мамлекетке өткөрүп беришти», — дейт ал.

Туманбаев билдиргендей, алардын арасында «Кут», «Олокон», «Дубай», «Мурас», «Аалам строй», «Артвин строй» жана башкалар бар.

Количество просмотров: 186