• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет

3 Аяк оона 202019:04 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып, бирок жыйындан кийин тизмеден алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыз 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна берилет.

«БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», — деди ал.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу партиянын отурумунан кийин талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал «жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген» деп партия лидери Адахан Мадумаровду айыптап, Боршайкомдон жыйында кабыл алынган тизмени калыбына келтирүүсүн талап кылууну өтүнгөн.

Количество просмотров: 2160