• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

2 Аяк оона 202121:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:

— Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;

— бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

Количество просмотров: 226