• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тууган-урукка байланган кыргыз саясаты

23 Жетинин айы 2018 19:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.11.2018.Govori.TV.
Акыркы жылдары интернет колдонуучулардын коомго, анын ичинен саясатка кескин таасир этүүсү байкалат. Мунун катарына корвалол, Махабат Мавлянованын виза маселеси, Лунара Мамытованын саякат темасы жана башкаларды айтууга болот. Алардын катарында карапайым калктын кыжырына тийип бүткөн саясаттагы туугандашуу маселеси дагы кошулду.
Бул жумада Президент Жээнбековдун кудасы Ыктыярбек Абжалиев «Мегаком» мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигинен дайындалып, көп өтпөй бул кыматтан баш тартты. Анын себебин иниси  «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев «Азаттыкка» айтып берди.
Өз күчү, өз аракети менен бул кызматка дайындалганы менен  бул окуя  көрүнүш, өткөн мезгилди, тагыраагы Курманбек Бакиевдин баласы Максимди кызматка алып келгенин эске салбай койбойт.
Курманбек Бакиев гана эмес үй-бүлөсүн бийликке аралаштырды деген сын-пикирден Аскар Акаев дагы куру эмес эле.
Экс-президент  Алмаз Атамбаев «Апрель» телеканалына маек берип жатып «Азыркы бийлик Бакиевдердин жолуна түштү» деди.
Бирок ошол эле кезде Алмазбек Шаршеновичтин озун айдоочу менен жансакчыларын бийликке алып келген деген сын пикир дагы арбын айтылат…

Количество просмотров: 33