• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТВЕА мектепти толук куруп берген эмес

13 Жалган куран 2018 18:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2018.Govori.TV

Бишкек ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия мүчөлөр Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантына курулду делген Калыс-Ордо конушундагы мектепке барышты.

Бишкектеги капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүркановдун айтуусунда, Кытайдын грантынан тышкары 104 млн. сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн:

— Алар Кытайдан конструкция алып келип, темирден бир кабат эле куруп, гипсокартон менен ичи-тышын каптап, ортосуна жылуулаткыч салып коюп курууну пландаштырган. Бирок «мындай конструкция бизде болбойт, мүмкүн эмес» деп экспертизадан такыр өтпөй койду. Андан кийин кайра долбоорду иштеп, бүгүнкү күндө курулган имарат беш блоктон турат, жалпы аянты 7589 чарчы метр. Анын сметалык баасы эле инженердик түйүндү кошпогондо 280 миллион сомго жакын. Алгач келишим түзүлгөндө эле кытайлык компания «жалдануучу ишкананы өзүбүз тандайбыз» деген, ал макулдашуунун 5-пунктунда жазылган. Ошонун негизинде биринчи «Альто Групп» деген компанияны тандашкан, алар баарын Кытайдан алып келип курмай болгон. Бирок долбоору такыр өтпөй койгондуктан түзүлгөн келишим сотко чейин жетип бузулган. Экинчиси — «Глав Строй» деген компания да жумушту убагында бүтүрбөй келишимди үзгөнбүз. Келишимдердин баары үч тараптуу — инвестор, жалданма ишкана жана биздин башкармалык катышып түзүлгөн. Үчүнчүсү — «Айкөл курулуш» компаниясы ишти аягына чыгарды. Бишкек мэриясынын «бул мектептин курулушун аякташ үчүн 104 миллион 395 миң сом бөлүнсүн» деген буйругу да чыккан. Жергиликтүү эл да мектептин курулушун бүткөрүүнү талап кылган.

Бул мектептин курулушуна кытайлык TBEА компаниясы баш-аягы 2 миллион доллар бөлүп бергени, мектеп курулушунун кымбаттыгы аталган компания тарабынан модернизацияланган Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин депутаттык комиссияны кызыктырууда.

Былтыр Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп курулушунан чоң суммадагы акча кымырылды деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгогон.

Башкы көзөмөл органы мэрия өкүлдөрүнүн аракетинен мамлекет тарткан чыгым 91 миллион сомдон ашканын, алар бул акчаны мектепти курган «Айкөл курулуш» компаниясына жасалма тендер аркылуу которгонун билдирген.

Количество просмотров: 20