• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Тыныбекова өмүр бою төлөнүүчү стипендия алат

27 Теке 202015:03 Бишкек Govori.TV

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою төлөнүүчү стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык, учурдагы дүйнө чемпиону ай сайын 20 миң сомдон алат.

Өмүр бою төлөнүүчү стипендияны чоңдор арасындагы олимпиадалык спорттун бардык дүйнөлүк чемпиондары алат. Учурда Тыныбекова өлкөдө бул категориядагы жалгыз дүйнө чемпиону. Ал 2019-жылы Казакстандын Нурсултан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо өткөн олимпиада оюндарына жолдомо алган.

«Бул стипендияны Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн алып жаткан жана келечекте дагы ала турган стипендиялары бүткөндөн кийин алып баштайт», — деп айтылат малыматта.

Количество просмотров: 3276