• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тыныбекова видеосу тараган кичинекей балбан кызга колдоо көрсөтүүгө даяр

2 Аяк оона 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарга тараган кичинекей балбан кызды издейт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Тыныбекова кызга багыт берүүгө даяр экенин билдирген.

«Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана кайсы жерден тартылганы белгисиз. Бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган. Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам. Сени менен жолугуп, маектешүүгө даярмын сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы»,-деп жазган ал.

Количество просмотров: 179