• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тышкы иштер министри Кытайдын элчиси менен коронавирусту талкуулады

1 Бирдин айы 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

1-февралда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды.

Кытайдагы коронавирус инфекциясынын пайда болушуна байланыштуу Ч.Айдарбеков кытай элине чын жүрөктөн боор ачып, колдоорун билдирди. Мында кытай тараптын колдонуп жаткан чараларын толугу менен колдоого алды, ошондой эле жаӊы типтеги коронавирус тарабынан козголгон пневмония эпидемиясы менен күрөшүүгө багытталган Кытай Өкмөтүнүн аракетин жогору баалады.


Аны менен бирге Кытай Эл Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата пайда болгон маселелерди чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгү үчүн министр Ч.Айдарбеков тарабынан кытай тарабына ыраазычылык билдирилди.


Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2019-жылдын июнунда Кыргыз Республикасына КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген конкреттүү келишимдерди ишке ашырууга байланышкан эки тараптуу кызматташуунун айрым маселелери дагы талкууланды.

Количество просмотров: 167