• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт

17 Жалган куран 202419:29 Бишкек Govori.TV

18-мартта Улуттук тарых музейде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган, КРнын Тышкы саясат ведомствосу тарабынан даярдалган сүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болот.

Маалыматта айтылгандай, сүрөт көргөзмөгө 1944-жылы Кыргыз ССРинин союздук-республикалык Тышкы иштер элдик комиссариаты түзүлгөндөн тарта Кыргызстандагы дипломатиянын өнүгүүсүнүн маанилүү учурларын жана этаптарын чагылдырган 300гө жакын тарыхый сүрөттөр коюлат.

Иш-чаранын максаты – кыргыз дипломатиясынын тарыхый мурастары, баалуулуктары жана жетишкендиктери менен тааныштырып, келечек муундарга мамлекеттик ишмердүүлүктүн бул маанилүү багытын улантууга шыктандыруу.

Количество просмотров: 87