• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылышы мүмкүн

21 Бештин айы 2019 13:00 Бишкек Govori.TV

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алгачкы жолу салтанаттуу тапшыруу 2019-жылдын 11-декабрында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаарындагы бөлүмүндө өткөн.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат. ​ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун ​ кезектерди эске алуу менен, бардык жарандар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырып жетишүүсү үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө.

Учурда тиешелүү чечимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында макулдашылып жатат.

Количество просмотров: 173