• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Убактылуу кармоочу жайдагы жаран асынып алды

1 Жетинин айы 2022 10:28 Бишкек Govori.TV

Убактылуу кармоочу жайында асынып алган адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Кылмыш-Жаза кодексинин 37-122-беренеси («Кылмыш жасоого аракеттенүү, адам өлтүрүү») менен шек саналып кармалган. 31-октябрь күнү 13:30 чамаларында убактылуу кармоочу жайдан өзү кийип жүргөн футболкага асынып каза болгон.

Окуя болгон жерди дарыгерлер менен прокуратура кызматкерлери текшерген.
Факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү ​ жана кызматтык иликтөө иштери жүрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 885