• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Укалоо салонунун ээсинен опузалап пара алып жүргөн милиционер кармалды

19 Бугу 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

Укалоо салонунун ээсинен опузалап пара алып жүргөн Ленин РИИБдин кызматкери кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсинен ар дайым опузалап акча каражатын алып келген Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармашты.

«Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. эки жыл бою укалоо салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен укалоо салонунун ээсинен 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул акча каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлиги өз катарларынан коррупцияга аралашкан кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

Количество просмотров: 176