• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: 2010-жылы массалык баш аламандык жана адам өлтүрүүнү уюштургандар кармалды

14 Аяк оона 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

«Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды. Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат»,-жазылат маалыматта.

УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 700