• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

УКМК: 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун өкүлү кармалды

18 Бирдин айы 2021 11:19 Бишкек Govori.TV

2015-жылдан бери издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылы 16-февралда эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористик иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарында издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны С.А.С. кармалды.

Ал эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү жана 2015-жылы жайында Бишкек шаарындагы атайын операциянын жүрүшүндө качып кеткен. Андан кийин террористтик уюмдардын курамында жүрүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Кармалган С.А.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 138