Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратура органдарынын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Бишкектеги машина куруучу заводу” ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
«Жүргүзүлгөн кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, ишкананын кызматкери жана эки жаран кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.