• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК Аксыда акча талап кылган акушерди кармады

3 Бирдин айы 2023 9:29 Бишкек Govori.TV

Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, КР УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.

«Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-феврал күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды. Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну эскертет.

Теги:
Количество просмотров: 413