• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес

18 Үчтүн айы 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Буга чейин айрым ЖМКлар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган.

Бул боюнча Финполдун маалымат кызматы дагы Аспековдун көрсөтмөсү боюнча комментарий берип, аталган маалыматты четке каккан.

Теги:
Количество просмотров: 167