• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК Атамбаев кантип ооруп калганын айтып берди

30 Кулжа 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев вирустук инфекциянын белгилери аныкталган жактоочу менен жолугушкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

УКМКдан белгилешкендей, Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткаргандыгына байланыштуу вирустук инфекция жукту деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

«А. Атамбаевдин үй-бүлөсү бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгын айткан соң, андан COVID-19га карата ПЧР-анализ алынган.

«Анализдин жыйынтыгы боюнча Атамбаевде коронавирус жок экендиги аныкталган. УКМКнын аскер медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан алдын ала текшерүүдөн өткөндөн кийин, билдирүүдө айтылгандай ага “Эргоферон” дарысы эмес, вируска каршы антибиотик берилген. Ошондой эле көкүрөк органдарына томография дайындалган», — деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошол эле күнү КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Т. Сооронбаев, кардиолог Г. Баитова жана КР УКМКнын аскер медициналык кызматынын терапевтинин катышуусунда дарыгерлердин онлайн консилиуму өткөрүлүп, жыйынтыгында ага “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” деген диагноз коюлуп, Атамбаевди стационарга которуу чечими кабыл алынган.

Учурда А. Атамбаев КР Президентинин жана өкмөтүнүн Клиникалык ишин башкаруу ооруканасында стационардык дарыланууда. Ал жерде жактоочулар менен дарыгерлер тоскоолдуксуз жолугушууларды өткөрө алышат.

Мындан тышкары, УКМКдан кошумчалашкандай, акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу адвокаттар, туугандары жана жактоочу З.Жоошев менен жолугуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алган.

«Расмий маалыматтарга караганда, адвокат З. Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, коронавирустук инфекциянын белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, учурда УКМКнын тергөө камак жайы штаттык режимде иштеп жатат.

«Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын талаптары аткарылып, беткап жана колкап милдеттүү түрдө кийилип, аралык сакталууда. УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлеринин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын белгилери байкалган жок», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Количество просмотров: 17251