• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

19 Чын куран 2022 19:17 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган судья Т.Б.Ш. жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алып, кийин 2022-жылдын март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталды.

Райондук соттун судьясынын кылмыштуу аракетине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында, бул факт Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«2022-жылдын 16-апрелинде Бакай-Ата райондук сотунун судьясы Т.Б.Ш. акчалай сыйлыктын калган суммасын алуу учурунда кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 95