• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК «Батуми» кафесинин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгогону айтылды

26 Бугу 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

УКМК Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлерине «Батуми» кафесинин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматта, иш «Батуми» кафесин демонтаждоо учурунда жасалган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мүлктү атайылап жок кылуу фактысы боюнча козголгону айтылат.

Кошумчалангандай, эки тараптан мыйзам бузуулар аныкталганы белгилүү болгон.

Эске салсак, бир күн мурун борбор калаанын Жал кичи районунда шаардык кызматтар «Батуми» кафесин бузушкан. Кафе Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзгөн.

Мэрия кафенин бузулуусу мыйзамдуу болгонун билдирсе, «Батуминин» ээси кафеси мыйзамсыз бузулганын айтып арызданган.

Ал эми 25-майда окуя болгон жерге президенттин тапшырмасы менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын кызматка тапшырма берген.

Количество просмотров: 134