• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

Абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталып, министрликтин аткаминерлери камалды

10 ноября 2022 в 11:23 Бишкек Govori.TV

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Б.Н. Ельцин» (КРСУ) атындагы — Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу атайы кызмат тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

«Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган.

Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы «Л.Т.М.»», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 397

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда