• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам боюнча маалымат таратты

17 Бирдин айы 202314:24 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-февралдагы үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам мурда УКМКда кызмат өтөгөн деген маалыматка комментарий берди.

«Үч адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек,16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаранды кармашкан.

Теги:
Количество просмотров: 774