• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Бишкектин билим берүү башкармалыгы 30 миллион сомго жакын зыян келтирген

23 Тогуздун айы 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарланды.

Такталгандай, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жеке ишкана менен жең учунан сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле ысык жана муздак сууну сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 256