• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу боюнча кезектеги факт аныкталды

3 Бирдин айы 2022 13:54 Бишкек Govori.TV

Санариптештирүүнүн алкагындагы программалык продуктыларды иштеп чыгуу шылтоосу менен бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу боюнча кезектеги факт аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканаларда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныктады.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 миллион 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бирок, КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлиги) кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ырасталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 2-февралында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору “А.А.” кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштер жүргүзүлүүдө жана келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон аудитордук текшерүүлөр белгиленди.

Количество просмотров: 258