• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК: Дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташып келүү фактысы аныкталды

7 Теке 202217:41 Бишкек Govori.TV

Дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК кабарлагандай, Бишкектин аймагында медициналык эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникаларында колдонулган медициналык препараттар тиешелүү экспертизалардан өтпөй тургандыгы аныкталды.

«Бул КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат. Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектер колдонулат. Бул аллергиялык реакциялар, анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематомалар сыяктуу шаар тургундарынын жана жалпы Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян алып келет»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Теги:
Количество просмотров: 156