КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык деӊгээлдеги мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүү ишин улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Иштин жыйынтыгында ар бир аныкталган фактылар боюнча мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
«Ошондой эле айрым жарандык активисттер менен Жогорку Кеӊештин депутаттарынын, алардын катарында А.Мадумаровдун, улуттук коопсуздук органдарынын бул ишине терс маани берүү аракети байкалууда», — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан белгилешкендей, топтолгон материалдарга жүргүзүлгөн алдын ала талдоо көрсөткөндөй, бул тармактагы мыйзам бузууларды төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот:
Билими жөнүндө жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар тийиштүү окуу жайлардын кызматкерлерине мыйзамдарга ылайык юридикалык баа берилет.
«Ушуга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тандоо ыкмасы жөнүндө айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин айланасында терс көрүнүш түзүү аракеттерин жана мындай материалдарга саясий коннотация берүү, соттолуучуларды жоопкерчиликтен четтетүү каалоолорун көрсөтөт», — деп билдиришти УКМКдан.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдорду текшерүүгө байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн, текшерүү аяктап жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаганга чейин карманууну суранат.