Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айрым адамдардын жеке жашоосуна байланышкан материалдардын интернетке тарашына УКМКнын тиешеси бар деген билдирүүлөргө жооп берди.
«Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Журналист Б.Темиров, акын Б.Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеонун тарашына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз. Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматты далилсиз күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы кылып жатканы таң калтырат»,-деп айтылат маалыматта.
УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууга чакырат.