• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

УКМК: Издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

27 Бирдин айы 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн. Учурда зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 225