• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК кара желек илип алып көчө аралаган үч автоунааны аныктады

27 Баш оона 201812:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин өткөрүп, кара желек илип алган үч автоунааны кармаганын Азаттык сайты  жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, автоунаанын кожоюндары “CERBER AVTO CLUB” деп аталган авто борборунун мүчөлөрү болушкан. Алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштери боюнча баратышкан.
УКМКнын кызматкерлери аталган айдоочуларга тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдар ассоциация болуучу атрибутикаларды колдонууга жол берилбеши керек экенин түшүндүрүшкөн.
Учурда бул факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда  арабча «кудай» деп жазылган кара байракты желбиретип кетип бараткан автоунаанын видеосу жарыяланып кызуу талкуу жараткан болчу.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2064538250275286/

Количество просмотров: 13