• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

УКМК Казакстанга 6 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады 

13 Теке 2022 18:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан коңшу Казакстанга 6 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6 тонна кумшекер Mercedes-Benz унаасына жүктөлүп, коңшу өлкөгө бара жатканда алынган. Текшерүү учурунда товардын коштоочу документтери болгон эмес.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Количество просмотров: 357