• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

18 Бирдин айы 202223:42 Бишкек Govori.TV

Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымака ылайык, 2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалды.

Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 767