• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК кызматкерине пара берүү учурунда Сокулуктагы билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери кармалды

23 Чын куран 202213:50 Бишкек Govori.TV

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен М.С.Ш. кармалган.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 549