• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК кызматкерине пара берген алайлык тургун кармалды

17 Бирдин айы 202512:25 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жогорудагы жаран аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.

Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 233