• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК кызматкерлеринин атын жамынган жаран кармалды

1 Чын куран 2023 9:40 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган М.Д.М. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып, жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алгандыгы аныкталды

Алынган далилдердин негизинде, М.Д.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда М.Д.М. (Турсунбаева Д.М.) тарабынан КР УКМКга тиешеси бар делген шылтоо менен жасалышы мүмкүн болгон кылмыштардын башка фактылары текшерилүүдө.

УКМК жарандарга эгерде аталган М.Д.М.нын аракетинен жапа чеккендер болсо кайрылууларын суранат.

Количество просмотров: 233