Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан депутаттыгына талапкерлердин пайдасына үгүттөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын кызматкерлери «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Базар-Коргон районундагы жетекчиси С.А.О. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери М.Т.А.га үгүттөп жүргөнүн аныкташты. Материалдар Базар-Коргон РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.
Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына С.А.О. сөгүш жарыяланган.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде М.Т.А. деген инициалдарга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин аты-жөнү туура келет.