• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды

25 Жалган куран 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропорту ААКнын Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Манас эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 547