• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК менен Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлери коррупцияга айыпталууда

2 Бирдин айы 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан дагы бир коррупциялык кылмыштын бети ачылып, иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө, “Скайнет Телеком” жеке компаниясына колдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мамлекеттик байланыш Агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен “Скайнет Телеком” компаниясынын 2, мамлекеттик байланыш Агенттигинин 2 жана УКМКнын 1 жооптуу кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча жоопко тартылышып, иш соттун кароосуна жиберилди.

Ал эми, “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 мин 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.

Количество просмотров: 249